Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-апрелде Сабыр Атажановду өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору кызматынын бошотуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Эске сала кетсек, 26-апрелдеги өкмөт отурумунда Сабыр Атажанов докладын онтолоп он беш мүнөттөн ашыкча окуганына жинденген Жээнбеков аны “бул жерге келип алып клоун болбой, жакшылап даярданып келбейсиңби” деп катуу жээриген эле.
Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен Сабыр Атажановдун ордуна Абдыкалык Рустамов дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ