Menu

Патриот менен сексоттун айырмасы

Бөлүшүү:

Эмне үчүн Европа жана АКШ өнүгүп жатат, ошол эле убакта бизге өнүккөн өлкөлөр жардам берип жатса дагы, жакырчылыктан чыга албай койдук? Анан эле ошо батышты АКШны жамандап келип, барып келсек барктанып калабыз. Батыштан келген демократияны дагы жерип, же өзүбүз улуттук демократияны кура албай, күнөөнү АКШ, Батыш Европага оодара салган адатыбыз калган жо. СЭМ байкелер бизди карызга батырып, итке мингизди деп күнөөлөй беребиз, өзүбүз ууру экенибизди билбейбиз. Эмнеге демократиялык өлкөлөр өнүгүп, каражат диктатурасын жүргүзүп, коопсуздугун коргоп келишет, биз болсо өзүбүздүн кетирген каталыкты көрбөй, такай башка элди күнөөлөгөндү өнөр катары кабыл алып, күнөөнү башка улуттарга оодара салабыз? Бул суроо көптөн бери жүрөктү өйүтүп келет. Бир чети кыргыздын чала псевдо патриоттору бакылдашат, “биз кыргыздын нукура салт сабыры менен өнүгөбүз, бизге батыштын демократиясы кереги жок” дейт. Эң кызыгы кыргыздын улуу дөөлөттөрүн орнотууга жана өнүгүү багытында программасы жок. Программасы болсо дагы кантип ишке ашырат, бул чоң суроо жаратат. Оба кыргыздын нукура салты, үрп-адаты, меймандостугу көп элдин салтынан айырмаланат, ал талашсыз. Бирок өнүгүүгө андан башка баалуулук керек экен, ал үчүн илимдүү, билимдүү, жогорку калыптанган адистер, менеджерлер, дагы толгон-токой жаратман адистер болсо, ошондо дагы демократиялык башкаруу орношу зарыл, болбосо эч качан өнүгүүгө багыт ала албайбыз. Жанагы бакылдаган псевдо патриоттордун колунан эчтеке келбейт, калп эле кыргыздын бийик даражасын көтөрүп жаткансыйт. Биринчи кыргызды илимдүү, билимдүү кылып, завод-фабрикасын куруп алса, кыргыздын даңкы өзү эле көккө жетпейби.

Демократиянын улуу баалуулугунун бири – жарандын берген малыматына бийлик жоопкерчилик менен карап, чечкиндүү, адилеттүү чара көрүүсүн милдеттендирет. Жарыя кылынган маселени так чечип, коомду канааттандыруу, бийликтин милдети. Бардык чечилбей келген маселелерди, так, ачык чечмейинче, маселе ордунда тапталып тура берип, коррупциянын өнүгүүсүнө алып келет. Маалыматты убагында чечип берсе, ошондо гана коом бийликке ишеним артышат. Чечилбеген маселе нааразычылыктын булагы боло берет.

Өнүккөн өлкөдө маалыматты убагында тез жеткирүү өтө манилүү экенин ар бир жарандын аң-сезимине киргизип таасир кылышат, маалыматтын баалуулугун баалашып, бала-бакчадан баштап окутуп, үйрөтүп, коомго, өлкөгө өтө маанилүүлүгүн түшүндүрүп, жоопкерчилик менен аткарышат. Тегеректе эмне жат нерсе болуп жатканын көрүп калса дароо бийлик бутактарына, күч органына маалыматты жеткирип берүүнү милдеттүү аткарышат. Ошондо гана патриоттук милдетти аткарып, өлкөгө пайда алып келишет.

Ошондуктан батыш өлкөлөрдө бала кезинен баштап, маалымат жеткизүүгө тарбиялап, баланы патриоттукка үйрөтүшөт. Маалымат жеткизүү өлкөнүн идеологиясынын өзөгү болуп саналат. Коом көргөн, билген, уккан маалыматты тиешелүү жерге билдирген патриоттук, жарандык милдетин аткарган эң жогорку сапат болуп саналат. Кыргызстанда болсо маалымат берсең СЕКСОТ деп биринчи иретте ажобуз баштайт. Бийлик ПАТРИОТтук менен СЕКСОТтун айырмасын билбей жатат. Активдүү жаран, коррупцияга аралашкан кызматкер жөнүндө малымат жазсаң, же тергөөчүнү, бандитти, ууруну көрүп кабарласаң, бийлик баалабай койгону өкүнүчтүү. Акыйкат издеген адамды кантип патриот дебейсин? Балким патриот адамды кылмыш кылган чиновник сексот деп кабыл алышы мүнкүн. Маалыматты күч органдары тескери пайдаланып, акча жасаган инструмент кылып алганы өкүнүчтүү, өлкөгө эбегейсиз зыян келтирип жатышат, мындай көрүнүштү Атамбаев жакшы эле билет, бирок жетекчилик жаратмандыгы жок үчүн башаламандыкка жол берип койгону кылмышка тете. ИИМдин мурдагы жетекчиси Шамил Атаханов айткан жери бар “коррупцияга малынган милиционер, уюшулган кылмыш топтон дагы ири зыянга учуратат”. ИИМ, УКМК, прокуратура эң биринчи иретте реформаны маалыматтан башташ керек, андан башка жол жок. Миң жолу реформа кылсаңар дагы маалыматка басым жасабасаңар колуңардан пок дагы келбейт. Бирок мен Американы ачып жаткан жокмун, муну бардык генералдар билет, алар акчадан кур калат –  “иттин өлүгү ушу жерде жатат”. Эмне үчүн генералдар чындыкты айтпайт? Бул генералдар мамлекеттин кыйросуна жол бергендер, же жалганбы?! Бийликтин кылмышын көрүп, билип жашырган куурчак генералдар баары антты бузган кылмышкерлер, муну  эсиңерден чыгарбагыла. Мисалы, Садыр Жапаров ачык чындыкты айтты, бир далай Кумтөрдүн тегерегиндеги уурулук кылмыштын бетин ачыкка чыгарды. Бийлик урматтоонун ордуна куугунтукка алышты. Бийлик, парламент азыр дагы уурулук менен алек болгонун кантип жашыра алабыз? Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматовдой ачык чыккылачы, бир дагы генералдын духу жетпейт, чыгып чындыкты бетке айта албайт. Жакында генерал З. Рысалиев “менин бомбам бар, жардырып ийем” дейт, ушундай дагы генерал болот экен. Өз убагында, тез жардырган генералдын милдети, жашырган кылмыш экенин кантип түшүнбөйт?! Айла жок ушундай генералдар мамлекетти талкалагандар, өкмөт кылмышкер генералдарды ардактап багып келебиз. Патриоттуктан алыс, уяты жок генералдарды өстүрдүк, ошо генералдар мамлекеттин экономикасын талкалаганга жол берген кылмышкерлерди мыйзам ченеми менен жоопко тартпайбыз. Жакында экс-башкы прокурор, учурдагы депутат Аида Салянова, жемкорлукка каршы күрөшкө жалпы коомчулукту тартуу иретинде маселени чечүүгө аракет болуп жатканын, коррупция тууралуу маалымат бергендерге сыйлык берүү жөнүндө оюн айтты. Чындыгында мындай кадамды кош колдоп колдойт элек. Мындай аракеттер мурун деле болгон. Бирок андай аракетти көбүнчө өзүлөрүнө ыйгарып алчу. Ылайым эле Аиданын сунушу өтсө, жемкорлукка күрөш алдыга жылмак. Мисалы, укук коргоочу Анарбай Орозов, башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогуловдун жемкорлукка аралашканын далилдүү фактылар менен ачык айтып чыккан жана далилдеп бергенге даярмын деп көп жолу ММК аркылуу жана башкы прокурорго арыз менен кайрылган. Акыры Анарбай Орозовго куугунтук уюштуруп,  К.Токтогуловдун буйругу менен жалган токулган кылмыш иш аркылуу Анарбай Орозовду камап, жок кылганы турушат. Көрсө Кылычбек Токтогулов Ак үйдөн колдоо таап койгон экен, канча арыз жаздык, бирин дагы текшерүүгө алган жок, кайра өзүбүздү минтип камап жатат. Эгерде бийлик бутактарындагылар баары “крыша” күтүп алса, өлкөнүн тамтыгы кетпейби? Ансыз деле экономикалык, саясый кризиске кептелип калдык. Атамбаев журт атасы болгондон кийин тизгинди бош кармабай, “крышаларды” тыйып өлкөнү баш аламандыктан сактап калыш керек. Биз жарандык коом бычак мизинде жүрүп, жемкорлордун жүзүн ачканга жардам бергенибиз үчүн камалып, кордук көрөбүзбү? Ансыз деле алдыбыз камалып, куугунтукта жүрөбүз.

Алмаз Шаршенович, өзүңүздү куугунтук калып жүргөндө ошо биз эле жөлөк болуп жүрбөдүк беле, же унутуп калдыңбы? Демогог генералдар сизди адаштырып, жалган маалымат менен сугарып келе жатканын билет бекенсиз. Кош бийлик болуп баратат, баш аламан болуп, кан төгүлүп кетсе ким жооп берет? Реформаны маалыматтан баштасаңар, өлкө оңолуп, өнүгүү жолго түшөрүнө толук ишеним бар. Жалган маалыматты берген генералдар СЕКСОТтукка жатат, муну эсиңерден чыгарбагыла.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов  

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: