Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 29-апрелде, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана реконструкциялоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кеңешме премьер-министрдин жакын арада өткөн жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү. Анын алкагында ал республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жана борбордук фитосанитардык лабораториянын абалы менен таанышкан.
Өкмөт башчы белгилегендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги талабы – республикада эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу эсептелет. Өкмөттүн мурда кабыл алынган чечимине ылайык, 2016-жылдын 1-августунан тарта ЕАЭБ өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда ветеринардык көзөмөл алынууга тийиш. Аталган тапшырманы аткаруу иретинде премьер-министр ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, реконструкциялоо ишин ырааттуу түрдө жүргүзүүнү тапшырды. Алгачкы баскычта Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораториялар, андан соң аймактагылары модернизацияланат.
Өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, республикада бүгүнкү күнгө карата 30 ветеринардык лаборатория бар. Жумаканов Өкмөт башчыга учурда лабораторияларды оптимизациялоо боюнча иш жүрүп жаткандыгын маалымдады, натыйжада, 11 лаборатория кыскартылат, калган 19 лаборатория модернизацияланат.
Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык стандарттарга жооп берген эки заманбап лаборатория бар. Анын айтымында, өлкө аймактарында дагы ушул сыяктуу беш лабораториянын курулушу пландаштырылууда, ал максатта 45 млн сом каражат керектелет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ