Кезегинде генерал-лейтенант Калык Иманкуловдун арты менен Айдар Акаевге жылчык таап, акаевдердин айланасына башын батырып алаар замат жаш генералдын жакшылыгын тез унутуп, артынан канжар ургандай образ жараткан экс-каржы министри Болот Абилдаев ушул күндөрү бир орунга тура албай, кыйпычылыктап жүрөт. Тар чөйрөдө дал ушул Бокеңер демигип, Темир Сариев премьерликтен түшөөр замат Москвага сапарын уюштурганы, ал жактагы Алексей Миллер баштаган үлкөндөр менен жолугуштурганы Акүйдөгү айрым интригандар менен Темикенин душмандарынын шаштысын кетирүүдө. Келечекте аламан жарыштарда дал ушул эки үлкөн фигуранын тандеми орун алаарын болжолдогондор да жок эмес. Булардын алдыдагы жүрүштөрү далайлардын шайын оодарып, айрымдарынын эмитен “ичин өткөрө” турганы калды окшойт.
Булак: “Азия news”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ