Menu

Казакстанда маалымат айдыңын көзөмөлдөөчү министрлик түзүлөт

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Астанада өткөн жыйын учурунда маалымат айдыңын, анын ичинде социалдык түйүндөрү мониторинг кылуу үчүн Маалымат жана байланыш министрлигин түзүү тапшырмасын берди.

Азыркы тапта Казакстандагы ММКларды Инвестиция жана өнүгүү министрлигинин алдындагы Байланыш жана маалымат комитети жөнгө салат. Казак президентинин пикиринде, бул функцияны аталган министрликке ыйгаруу туура эмес чечим болгон. Өкмөттө бул тармакты эч ким координация кылбайт жана маалыматтык иш үчүн мамлекет бөлүп берип жаткан каражат көзөмөлдөнбөй жатат.

Жаңы министрликке менчигине карбай маалымат айдыңына, анын ичинде интернет басылмаларга жана социалдык түйүндөргө толугу менен мониторинг жүргүзүү милдеттендирилет. Мындан тышкары актуалдуу тема жана маселелер боюнча коомдук пикирди изилдеп турат.

Мурда ММКларды Маданият жана маалымат министрлиги тескеп турчу. Азыр бул иш менен Инвестиция жана өнүгүү министрлигинин алдындагы комитет алектенет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: