17-майга белгиленген “Элдик парламенттин” митинги өтпөй калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн аталган кыймылдын өкүлү Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйынында билдирди.
“Эртең митинг болот же болбойт деп азырынча айта албайм. Лидерлер камакта болгондуктан митингди өткөрүү кыйынчылык жаратат. Бирок, өткөрбөй койгон дагы болбойт”, – дейт Касымбеков. Ошондой эле ал Биринчи май райондук администрациясы митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгонун кошумчалады.
Эске салсак, “Элдик парламент” 17-майда Бишкекте 40-50 миң адам чогултуп чоң митинг өткөрүп, Алмаз Атамбаевди кетирерин жана бийлик бутактарына өздөрүнүн адамдарын алып келерин жар салып жатышкан. Ал эми 12-майда Бекболот Талгарбеков баш болгон аталган кыймылдын лидерлерин УКМК кызматкерлери кармап кеткен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ