Menu

Зарылбек Рысалиев: «Уюшкан кылмыштуулукка каршы иш такыр эле токтоп калды дегенден алысмын»

Бөлүшүү:

Кылмыш  дүйнөсү  кыйсыпыр болгон  2011 –жылдары ИИМ башчысы болгон, учурдагы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиевге кайрылып, “каралар” канатын кайра жайдыбы – деген сурообузду бердик эле.

– Зарылбек Кылычбекович акыркы учурларда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жакшы жүрбөй жатат деген кептер айтылып келет. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Дегеле, ушинтип айтууга негиз барбы?

–  Канчалык  негизде  чындыгы  бар  деп жатпайсыңбы. “Калк айтса, калп айтпайт”, же болбосо “шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” эмеспи. Айтканга негиз болгон үчүн эл айтып жаткандыр. Көчөдө болуп жаткан кылмыштар, акыркы учурларда күч алган “каракчылыктар” ушундай бүтүмгө түртүп жатат окшойт. Мындай нерсени жашыра албайсың. Албетте, “Алыбек алына жараша”. Ар ким колунан келишинче иш кылып жатат. Бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуулукка каршы иш такыр эле токтоп калды дегенден алысмын. Иш жүрүп жатат. Бирок ошол иш жеткиликтүү, элди ынандыра тургандай жүрбөй жатат окшойт.

–  Бостериде  өрттөнүп  кеткен  “Осьминог”  кафесине  уюшкан  кылмыштуу  топтун  тийиштиги  бар  деген  боюнча  оюңуз кандай?

– Бул боюнча эми тергөө иштери аягына чыга элек. Тергөө аягына чыкса, ошондо бир нерсе айтсак болот. Баягы “бир ит көрүп үрсө, көп ит көрбөй үрөт” дейт. Анын сыңары бирөө бир нерсени айтып койсо эле, калганыбыз билип-билбей ар нерсени айта бергенибиз туура эмес. Аны өрттөгөндөр балким кошунасыдыр, балким эрегишкен бирөөдүр, балким карызы бар кишидир, балким жөн эле электр зымынан келип чыккандыр. Аны ким билет?

– Бул кафе Өмүрбек Бабановго таандык экен деген божомолдор да чыкты. Бул боюнча эмне дейсиз?

– Бир нерсе болсо эле саясатташтыра берген туура эмес да. Тээтиги жактан бирөөнүн боз үйү өрттөнүп кетсе деле Өмүрбек Токтогуловичтики экен, тиги жакта эки машине сүзүшүп алса деле ошол Өмүрбек Токтогуловичтики экен дей берген туура эмес да. Кафе кимдики экенин билбейм. Бирок, эгер чындап эле ал кишиники болсо, партиялаштарынан бирөөсү чыгып айтат эле да. “Эй бул ушундай биздин партиялашыбыздыкы эле” деп. Андай болгон жок. Демек, бул жөн эле кеп.

– Бир суроону кыпчый кетейинчи. Өмүрбек Бабановдун саясаттан биротоло кеттим дегенине ишендиңизби?

– Өмүрбек Токтогуловичтин темасы 2017-жылы болду. Азыр 2018-жыл. Ошондуктан ушул теманы токтотуп эле койбойлубу… Жаңы көз караш менен жаңыча жашабайлыбы? Кайра-кайра эле эски нерсени аңтарып-теңтере бергендик эч кимге “абдыракат” алып келбейт.

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу

Булак: «Кыргыз Туусу»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: