Кыргызстандык укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова президент Алмазбек Атамбаевди сотко берди. Алар кечээ, 18-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылды. Арыздар соттун канцеляриясында каттоого алынып, териштирүү датасы азырынча айтыла элек.
Укук коргоочулар келтирилген моралдык зыян үчүн ар бирине 2 миллион сомдон (29 миң доллар тегерегинде) төлөп берүү талабын коюшту. Ошону менен катар президент алар тууралуу айткан сөзүн расмий түрдө төгүндөшү керек деп эсептешет.
Өткөн аптада “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилова да катышкан. 14-майда президент Алмазбек Атамбаев Энелер күнүнө карата куттуктоо айтып жатып “Элдик парламенттин” мүчөлөрүн “туруктуулукту бузгусу келген эл бузарлар” деп атап, алардын жыйынына катышкан эки укук коргоочуну грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп атаган. Абдирасулова менен Исмаилова ал жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын, мындай ишмердүүлүгүн буга чейинки эки бийлик тушунда да жүргүзүп келгенин жана уланта берерин айтууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ