Бүгүн КТРКнын жанында кумсаларга каршы митинг болду. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
“Бүгүн КТРКда дагы бир митинг болуп өттү. Бул жолу митингчилердин талабы КТРКда кумсаларды, ЛГБТ коомунун мүчөлөрүн, жана булардын тарапташтарын чыгарбоо болду. Нааразы тарап менен жоолугушуп, алардын талаптарын угуп, өзүмдүн оюмду дагы билдирдим. Митинг тынч, конструктивдүү өттү. Митингчилердин бардык талаптары жана эскертүүлөрү эске алынып, сөзсүз жыйынтык чыгарылат!”, – дейт Карыпбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ