Төрага Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеӊештин делегациясы 20-майда Санкт-Петербург шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) кезектеги 44-жыйынына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйын жүрүшүндө КМШ ПААга мүчө-мамлекеттердин парламенттик делегацияларынын жана өнөктөш уюмдардын жетекчилери чыгып сүйлөдү. Ошондой эле, КМШнын космос айдыӊын тынчтык максатта изилдөө жана пайдалануу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Конвенциясы, «Биоэнергетиканы өнүктүрүү тууралуу», Экологиялык экспертиза тууралуу», «Айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо тармагында ГМОну таратуу жана колдонуу жөнүндө», «Биотүрдүүлүктүн туруктуулугун сактоо жана пайдалануу жөнүндө», Агартуу ишмердүүлүгү жөнүндө» сындуу бир катар моделдик мыйзам долбоорлору талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ