Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндө” насыялык макулдашуунун долбоору жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Макулдашуу долбооруна ылайык, Сауд фонду Кыргызстандын мектептерин куруу багытында 25 жылдык мөөнөткө 2 млрд 100 млн сом көлөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлөт. Бул каражаткан 2019-жылга чейин өлкө аймагында 16 мектеп, анын ичинде Бишкек шаарында 2 мектеп курулууга тийиш. Мектептердин тизмеси өкмөт тарабынан аныкталат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ