Menu

Алмазбек Атамбаев: “Бирөөлөр бизге кол салса, колун сындырганга күчүбүз жетет”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев жоокерлерди, офицерлерди, куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин жана жалпы эле кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Атамбаевдин куттуктоосунда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү мамлекет менен кошо оор сыноолорду башынан өткөргөнү, эгемендүүлүк жылдары көп кыйынчылыктарга дуушар болгону дагы айтылган.

-Азыр абал түп-тамырынан өзгөрдү. Бүгүн Кыргызстан чакан, бирок заманбап курал-жарак менен камсыз болгон Куралдуу күчтөргө ээ. Куралдуу күчтөрүбүз жаӊыланып, заманбап аскерий инфраструктурасы түзүлүүдө, аскер кызматкерлеринин маянасы көтөрүлүп, турак-жай, башка социалдык муктаждыктары чечилип жатат. Ошондуктан, аскер кызматынын кадыр-баркы күн сайын өсүп, армияда кызмат өтөөгө умтулган жаштар саны арбыды.

Бүгүн дүйнөдөгү дээрлик бардык өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия региону терроризм менен экстремизм коркунучуна кабылды. Мындан тышкары региондо этностор аралык проблемалар, жер, суу, чек ара талаштары да курчуп турат. Айрым серепчилер бул проблемалар сөзсүз чыр менен бүтөт деп сайрап жатышат. Алар аз келгенсип, кээ бир өлкө башчылары да Борбор Азияда жер талаш, суу талаш согушка алып келет деп жылаандын башын чыгарышууда.

Мындай курч кырдаалда өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрү жергебизге ким кол салса да, андай кара санатай күчтөргө туруштук берип, мекенибизди душмандардан коргоого даяр болушу керек.

Эзелтен кыргыздар тизелеп жашагандан көрө тик туруп, ажал тосконду артык көрчү. Ошондуктан, кыргыз аскерлери, ар бир кыргыз жараны эл үчүн, жер үчүн канын да, керек болсо жанын да аябайт деп мен ишенем!

Бизге бөтөн элдин жеринин кереги жок, бирөөгө кол салалы деген ниетибиз да жок. Бирок, бирөөлөр бизге кол салса, колун сындырганга күчүбүз да, дараметибиз да жетет!

Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы белгиленет. Бул мамлекетибизди, анын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө жолундагы маанилүү белес. Баарыбыздын максатыбыз бир – күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды куруп, элибизге бакубат турмушту алып келүү. Намыскөй элибиз менен бул максатка жетерибизге ишенем.

Аскер кызматкерлерине, бардык кыргызстандыктарга кажыбас кайрат, чыӊ ден соолук, ийгиликтерди каалайм!, – деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: