27-май күнү, саат 15:30 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп Баткен областынын Кадамжай районундагы Жийделик аймагындагы Ош-Айдаркен жолунун 125 чакырымында бара жаткан «Хонда CRV» үлгүсүндөгү автоунааны агызып, ичиндеги 5 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда автоунаанын ичинде 6 адам болгон, анын бешөөсү каза болуп, бир баланы куткаруучулар сактап калышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ