Алмазбек Атамбаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү өкмөткө тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы кырсыктын айынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүүнү буюрду. Ошондой эле Атамбаев жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн Кадамжай районуна өз кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жиберди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ