Menu

Видео – Баткендеги адам өмүрүн жалмаган сел (толук маалымат)

Бөлүшүү:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда 27-май күнү кечки саат 15:45 чамасында Кадамжай шаардык мэриясынын Жийделик айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен, Ош-Айдаркен унаа жолунун 125-132-чакырымында  тоо жылгаларынын 15 жеринен сел түшүп, 1 чакырым аралыкта кум-шагылдарга толуп, жол каттамы убактылуу токтоп, 15 жеңил унаа кум шагылдардын кесепетинен жабыр тарткан. Анын ичинен Кадамжай шаары тараптан Орозбеков айыл аймагына бара жаткан “Опел Фронтера” үлгүсүндөгү унааны сел агызып, сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Унаанын ичинде 6 адам болгон, 1 жаш бала куткарылып, 5 адам (2 эркек, 3 аял) каза болгон. Жол каттамы убактылуу тосулуп калган.

Селге агып кеткен унаадагы адамдарды куткарууга, ӨКМнын райондук бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси жана жергиликтүү жергиликтүү тургундардан 8 адам катышып, натыйжада 1 адам куткарып, каза болгондордун денелерин унаанын ичинен чыгарышкан.

Каза болгон адамдардын денесин, райондук өлүк сактоочу жайга (моргко), жеткиришкен. Ошондой эле 15 куткаруучу 11 унааны чыгарууга жардам көрсөтүшкөн. Кырдаал болгон жер тартип сактоо кызматынын кызматкерлери тарабынан кайтарууга алынган жана каза болгондордун аты жөндөрү такталган. Унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

https://youtu.be/LMNCEAHCbuQ

Видео: Санжар Калматай

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: