Menu

Сабырбек Жумабеков, академик: “Жашынакай басып жүргөн 4 баланы көрүп көзүмдөн жаш тегеренип кетти”

Бөлүшүү:

2012-жылы Майлуу-Суу шаарындагы бир үй-бүлөнүн 3 кыз, бир уулу тубаса майып болгондуктан, аны Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов өз каражаты менен атайын борбор калаадагы №4 шаардык ооруканага алып келип ортопед, академик  Сабырбек Жумабековго тапшырган. Аз өтпөй депутат саясый иштер менен абакка олтуруп калып, калган ишти академик өз колуна алган. Мына ошол балдардын бүгүнкү абалы кандай? Хирургдан сурап көрдүк. 

– Сабырбек Артисбекович,  Майлуу-Суу шаарына атайын барып буга чейинки 4 майып баланын тагдырынан кабар алып келипсиз.  Тынымсыз операциялардын жыйынтыгы кандай экен?

– Майлуу-Суу шаарынын Кызыл-Кыя деген айылындагы Масировдордун үй-бүлөсүнөн төрт баласы тең тубаса майып болуп калышкан. Төртөө тең баса албай, үйдө олтуруп калган. Балдардын алды 24 жашта болсо, арты 14 жашта экен. Бир бала, үч кыз. Мына ушул төрт балага биз 5 этап менен 30га жакын оперция жасадык. 2012-жылы май айында баштаганбыз, 2015-жылы аягына чыктык. Балдардын эки жамбашы тең тубаса чирип, өспөй калган. Тизелерине жакын муундан, тизенин өзүнөн тубаса кыйшайып буралып өспөй калган. Сөөктөр болсо чырмооктой болуп буралып калыптыр. Ушунун айынан төртөө тең баскан эмес. 2012-жылы аларды ошол убактагы депутат Талант Мамытов өзү баардык каражатын көтөрүп, бизге алып келген. Бул жерден дагы депутат тамак ашын ташып берип жардам берди. Калган операцияга кеткен чыгымдарды, темир-тезек ар кандай процесстерди өзүмдүн жанымдан жардам бердим. Өтө кымбат, жогорку технология менен жасалган операция десем жаңылышпайм. Ар бирине, төрт балага алты процесс, жамбаш сөөктөргө, тизелерге титан темирлер коюлду. Баардыгына кылдат карап оперция кылып жатып, бул үй-бүлөнү бутуна тургуздук. Эң улуу баласы Талант 28, андан кийин кызы Дамира 26, Динара 24 жашта, эң кичүү кенжеси Венера 18 жашта. Эң улуу кызы Дамира турмушка чыгып, татынакай келин болуп кызмат кылып жүрөт. Аны эч ким баспай калган кыз деп сыртынан карап ойлобойт. Динара деле жашынакай басып жүрөт. Венеранын буттарында темир бар, жакында келсе алып коёбуз. Таланттын бир жамбаш мууну алмаштырыш керек. Азыр кыйшайган буттары оңолуп, велосипед тээп жүрөт. Талант абдан акылдуу бала экен. “Компьютердик курсту окуп алсам жакшы болот эле, иштейт элем. Банк тармагында иштесем”, – деп алдына максат коюп алыптыр. Аны Талант Мамытов окутканга жардам берем деп жатат. Негизи үй-бүлөнү айылына барып көрүп келдим. Жашынакай буту менен басып жүргөн 4 баланы көрүп көзүмдөн жаш тегеренип кетти. Баардыгы ыраазы болуп жатышат, мен да өзүмө абдан ыраазы болдум.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: