30-майдан 31-майга караган түнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пионерь лагерь аймагында кыргызстандык чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады.
Маалыматка караганда Өзбекстан тараптан 10го чукул белгисиз адамдар Кыргызстандын чек арасына жакындап келген. Чек арачылардын “Токто” деген буйругуна баш ийбегенинен улам, эскертүү иретинде абага ок атылган. Ушундан кийин белгисиз адамдар артка кайтып, Өзбекстандын аймагына карай качып кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ