Бүгүн, 23 – апрель күнү СССРдин эл артисти, опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак. Бул күнгө карата Кыргыз Республкасынын А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрынын солистери тарабынан атайын даярдалган онлайн концерт өтөт. Бул тууралу маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Концерттин жүрүшү 23-апрель күнү саат 18:00дө КТРКнын “Маданят. Тарых. Тил” каналы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “ЭлТР” телерадиокомпаниясынын “Илим жана билим” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана “Маданят. Тарых. Тил” каналынын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу көрсөтүлөт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ