Menu

Курултайга куру калбай берип жатышат

Бөлүшүү:

Белгилүү болгондой 24-ноябрда курултай өтөт. Өткөндө эмне, жыйынтыгы буга чейин болуп келген курултайлардыкындай болоорун азыр эле болгоолоп айтып койсок болот. Бул курултайларды Бекназаров сыяктуу саясаты бүткөн, аштан-көчтөн, Кудайдан жөө качкандар уюштуруп жатат. Эми аларга ушундай эле бир жыйын керек. Бул курултайды өткөрүүгө каражатты ар ким берип жатыптыр. Партиялар 20 миң сомдон, коомдук уюмдар 15 миң сомдон беришет экен. Тизмелей кетели. Бекназаровдун айтымында учурда 30дан ашык уюм 15-20 миң сомдон төлөм төлөшүптүр. Асия Сасыкбаева 15 миң сом, ”Ата-Журт” партиясы 20 миң сом, “Замандаш” партиясы 20 миң сом, “Аалам” партиясы жана башка саясий уюмдар взнос (акы) төлөштү. Бийлик бир гана Кыргыз драма театрынын имаратын алып берүүгө жардам бериптир. Жалпысынан 54 коомдук саясий уюмдар курултайды уюштурууга мүчө болушкан. Эң кызыгы, курултайга 20 миң сомдон акы төлөгөндөргө 20дан орун берилет экен. Кыскасы, Бекназаровдор бул Курултай дегенди мына ушинтип кызылдай эле соодага айлантып турган кези. Дагы бир таң калычтуусу, бул курултайга делегаттар аймактардан келбейт экен. Анда эмнеси курултай? Кыскасы, дал ушул курултайды уюштуруп жаткандар соңунда (бир маселе акча үчүн) эки-экиден мушташып, ит эле болушса болду.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: