Menu

Кадамжайдагы селдин чыгымы 75 миллион сомго жакындады

Бөлүшүү:

27-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон селдин чыгымдары эсептелип, болжол менен 74 741 085 сомду түздү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Адистер 238 турак үйдү текшерип, алардын ичинен 84 үйдү суу каптаганы, 4 үй авариялык абалга келип, үчөө капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж экени жана 7 үйдү коопсуз аймакка көчүрүү зарылдыгы белгилүү болгон.

Мындан сырткары 95 участокту суу каптаган. Табигат кырсыгы 25 чакырымга жакын ички жолду сел жууп, 12 көпүрө жана канал бузулган, электр мамылары кулаган. Ошондой эле 21 автоунаа жабыркаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: