Menu

«Ата Мекен» фракциясы ИИМ башчылыгына сунушталган Кашкар Жунушалиевдин талапкерлигин жактырды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын бүгүн, 31-майда өткөн кезексиз жыйынында премьер-министр тарабынан ички иштер министри кызмат ордуна сунуш кылынган Кашкар Жунушалиевдин талапкерлиги жактырылып, аны парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын жүрүшүндө Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарында топтогон тажырыйбасы баса баса белгиленүү менен бирге, ага ички иштер органдарында реформаларды жүргүзүү, кылмыштуулукту кыскартуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын жакшыртуу жаатында чараларды көрүү, милиция кызматкерлеринин арасындагы тартипти жөнгө салуу, алардын билим деӊгээлин көтөрүү сындуу бир катар сунуштар берилди.

Талапкер ички иштер министри кызматына дайындалып калса, бул тармакта кайра курумдар жүргүзүлө турганын, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлө турганын, ошондой эле милиция кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесине көӊүл буруларын белгиледи. Ал калктын коопсуздугун камсыз кылуу чаралары колго алынып, «Коопсуз шаар» долбоору ишке ашыруу жүрүмү тездетиле турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев буга чейин Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчы болуп иштеген. Ушу тапта ал ички иштер министринин милдетин аткарып жатат. Анын талапкерлиги 30-майда өз арызы боюнча кызматынан бошотулган мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин ордуна көрсөтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: