Өкмөткө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы тарабынан Талас облусунун Кара-Буура районунда жаңы курулуп жаткан мектеп текшерилип, курулуш ишинде мыйзам бузууга жол берилгени аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча регионалдык башкармалыгы Кара-Буура районунун Кара-Буура айылында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан 225 орундуу мектепти текшерген. Натыйжада Архитектура жана шаар курулуш мыйзамына ылайык келбеген шартта котлованга лабораториянын корутундусу жок опалубкалар коюлуп, фундамент куюлуп баштаганы аныкталып, акт түзүлүп, курулуш иши токтотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ