Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 7-июнда көчмө жыйын өткөрүп, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө жайындагы кырдаал менен жеринен таанышып кайтты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ушу тапта көзөмөл-өткөрмө жайындагы жарандар дээрлик 1 чакырымдай жолду жөө басып өтүүгө мажбур болууда. Маалым болгондой, эл аралык талаптарга ылайык, “Ак-Жол” өткөрмө бекети иретке келтирилген. “Азыр башаламан соода-сатык токтоп, күркөлөр алынып салынды”, – деди Чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Кадырбек Сокуев.
Бирок, унаа токтотуучу жайдын жоктугунан, Кыргызстан тараптан барган унаалар постко киргизилбейт. Мындан улам, жарандар үчүн ыңгайсыздык жаралууда. “Мына, көрүнүп тургандай, кош бойлуу аялдар, майыптар, бүт баары жүктөрү менен бир чакырымдай жол басып, ысык-суукта кыйналып жатат. Биздин жарандар дагы чек аранын түбүнө чейин унаа менен келгидей шарт түзүп беришибиз керек. Ал үчүн бул жердин инфраструктурасын жакшыртуунун жолун табуу кажет”, – деген оюн айтты тармактык комитеттин төрагасы Марат Аманкулов.
Комитеттин көчмө жыйынга жергиликтүү ишкерлер да катышты. Алар унаа токтотуучу жай, ашкана сыяктуу тейлөө обьекттерин куруу боюнча өздөрүнүн пландарын сунуштады. Ишкерлер буга өздөрү каражат чыгарууга даяр экенин кошумчалады. Эл өкүлдөрү бизнесмендердин мындай аракети колдоого татый турганын айтышты. Жыйын соңунда комитет мүчөлөрү “Ак-Жол” өткөрмө бекетинин инфраструктурасын жакшыртуу, ал үчүн каражат табуу тапшырмасын өкмөт өкүлдөрүнө тапшырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ