Menu

Санта Йохансон, дизайнер: “Латвияда да Россиянын пропагандасына анча-мынча алдангандар бар, бирок силерде бизге караганда андай адашкан адамдар өтө көп экен”

Бөлүшүү:

Журналист Замирбек Өсөровдун Латвиялык дизайнер Санта Йохансон менен болгон маеги:
– Мен кыргыздарга айтаар элем, Россия пропагандасынын бир да сөзүнө ишенбегиле деп. Мен негизи СССРди өтө жек көрөм, анткени ал режим биздин ата-бабаларыбызды өлтүрүп кетпедиби.
Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Латвия эркин мамлекет болгон, анын экономикасы өнүгүп, Швеция, Швейцариянын деңгээлине жетип калган эле. Советтер Союзу Латвияны өзүнө күч аркылуу кошуп алгандан кийин, экономикабыз бузула баштады.
Рига шаарында жашаган миңдеген латыш интеллигенттер репрессияланып, Сибирге айдалып алардын үйлөрүн Россиядан келип калган орустар ээлеп алышкан. Алар унитазды да пайдаланууну билишпей, ал жерде кирди жуушкан.
Азыр да болсо Латвияда жана Ригада орустар абдан көп, алар “биздин укугубуз тепселенип жатат” деп баары эле айтышат. Эч ким алардын укугун тепселеген жок. Тескерисинче алар латыш тилинде суйлөшкүсү келишпейт.
Бүгүн кээ бир орустардын өкүлдөрү “мурдагы жаман болгон нерселерди эскербей жашайлы” дешет. Мен буга макул эмесмин.
Өткөн заманда болгон нерселерди унуткан болсок, кайрадан Россиянын тузагына түшүп калышыбыз мүмкүн.
Орустардын психологиясы мурдагыдай эле өзгөрбөй калууда, алар бийлеген жер, кандай гүлдөгөн жер болбосун акыры сөссүз түрдө какыраган чөлгө айланып кетет. Франциянын Марсель шаарында россиялык футбол күйөрмандарынын массалык уруш-талашты уюштурушканы буга дагы бир далил болуп бере алат. Бизде да орустарадын пропагандасына анча-мынча алдангандар бар. Бирок силерде бизге караганда андай адашкан адамдар өтө көп экен. Ошондуктан мен силерге каалайт элем, эгемендүүлүгүңөрдү, эне тилиңерди сактагыла, анан көп иштегиле, тынбай жаңы нерселерди үйрөнгүлө. Эгерде империянын төбөлдөрүнө ишенип жүргөн болсоңор, келечегиңер кор болушу мүмкүн. Себеби Россиянын саясаты мурдагы бойдон эле калууда. Балдар-неберелердин тагдыры тууралуу ойлонгула. Бизге дагы учурда кыйын болуп жатат, Латвияда жашоонун денгээли көтөрүлгөн болсо да, учурда орто эмгек айлык маяна бизде 600 еврону түзөт. Ошого карабастан, биздин өлкөбүздө 300 мин орустар жашайт. Алар Россияга кетишпейт, анткени бизде жашоо жакшы, бирок Латвиянын эркиндигин алар жактырышпайт, биздин тилде да сүйлөшкүсү келишпейт. Биздин эл эч кандай конфликттерди жактырбаган эл болсо да, алар биздин эгемендүүлүгүбүзгө жапа тырмак каршы бойдон турушат. Мен Батыш Европага биринчи жолу барып келгенимде, ал жерде улуттар арасында таптакыр башка мамилелер бар экенине көзүм жетип абдан сүйүнгөнмүн. Ошондой баардыгыбыз бактылуу жашайлы. Латвия ошол багытты көздөп жылып бара атат, силер дагы бактылуу, гүлдөгөн келечекке жеткиле.
Замирбек Өсөров, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: