Балыкчы-Корумду жолунан чыккан чырды иликтеген Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ишти Башкы прокуратурага өткөрүп берди. Ири суммадагы мамлекеттин каражаты жумшалып жаткан жолдон 1 жарым миллиард сом ашыкча көрсөтүлгөнү айтылган кылмыш ишинде эми кимдин кулагы чыгаар экен? Канткен күндө дагы бирин-бири көөлөп, өздөрүн “ак карга” санап жаткан мурунку өкмөт башчысы Темир Сариев менен мурунку транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев кимиси болсун жооп бериши абзел. Балким экөө тең жооп берүүгө туура келет. Бул иш бармак басты, көз кысты бойдон калууга тийиш эмес.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ