Menu

Аалы Туткучев: “Намыс үчүн балбандарды кордобойлу, колдойлу”

Бөлүшүү:

Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев кыргыздын намысын коргой турган жоон билек балбардарга байкатпай бут тосуу болуп жатканы тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасында билдирди. Анда мындай деп айтылат:

Алтынын тоноп Кыргыздын,
Алыска качты хандары.
Алтынды кайра күрөшүп,
Апкелип жатат балбаны.

Илгери манаптар, байгеге чабылчу аттардын кайсынысы биринчи, кайсынысы кийинки чыгаарын сынчыларга сындатып, билип алчу экен. Анан, буктурмага жигиттерин жашырып, келаткан атты капталдан жыга койдуруп, өзүнүн атын сүрөп чыкчу эмесби?.. Ошондон уламбы “Өзүң чыкпас болгон соң, Күлүктүн жолун торобо”-дептир Осмонкул акын. Ал доор артта калдыбы же биз ошол доордо калдыкбы билбей турам. Дегеним, Жанарбек Кенжеевдин акыркы кармаштарын көргөн сынчылар, 2016-жылкы Рио-де-Жанейродо өтүүчү дүйнөлүк олимпиаданын алтын төш белгиси Кыргызстанга кетээрин ишаарат кылган бейм. Чоң-чоң манаптар буктурмага жигит койду окшойт. Анткени, врачтардын жол бергенине карабай допингди шылтоолоп, күлүктүн шыйрагына балта чаап жатышат. Аттиң, аз акчага алданып бугуп жаткандар Кыргыз болбосо экен… Токсонунда Жолойду чапкан Кошойу бар кыргыздан кантип чемпиондор чыкпасын? “Султан сөөгүн кордобойт” Келгилечи, Намыс үчүн кордобойлу, колдойлу балбандарды!!!

Балбан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: