Массалык маалымат каражаттары боюнча мыйзамдын авторлору Орусиянын бул мыйзамын эмнеге көчүрүп алышканын өздөрү деле толук түшүнбөсө керек. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев соцтармактагы баракчасында билдирди.
“Азырынча ММК боюнча мыйзамдын авторлору бул мыйзам “Азаттыкты” чектөөгө багытталган эмес деп айтышууда. Авторлору жалаң бизмесмен, байлар экен. Орусиянын бул мыйзамын эмнеге көчүрүп алышканын өздөрү деле толук түшүнгөнүнөн күмөнүм бар. Бүгүн талкууда кеңири сөз болот, бул али 1-окуу, анан 2-окуу, 3-окуу бар, талкуулап, оңдоп түзөгөнгө же таптакыр четке кагып салууга убакыт бар. Бир гана нерсе анык-нагыз элдик медианы жабууга эч качан жол берилбейт”, – дейт Акаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ