Menu

Укугумду калыбына келтирүүгө көмөктөшүүңүздү суранам

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго

Арыз

Урматтуу Президент!

Ь1сык-Көл облусунда терең тамыр жайган коррупциялык зомбулукка каршы 11 жылдан бери күрөшүп, укугум тепселип, ден соолугуман ажырап, үй-бүлөм менен кошо куугунтукка алынып, айла кеткенде акыйкат издеп, аксакал башым менен Сиздин тынчыңызды алып отурам. 74 жаштамын, жогорку окуу жайларда 46 жыл сабак өтүп, элдин баласына билим бердим. 5 балам, 16 неберем, 1 чеберем бар.

2000-жылы Маммүлккомитети аркылуу мыйзам жолу менен (2001.18.07.1553 саны менен катталган Ч№ 004961 мамакт) “Кайнар” пансионатын сатып алдым. 2002.23.04. чет элдик Че Ден Сук менин эс алуу жайымдын 300 квм объектисин гана, келишимде ага тиешелүү жер көрсөтүлбөгөн, сатуу келишимин түзүүгө ошол кездеги президенттин администрациясындагы жана райондогу коррупционерлердин кысымы менен сатуу келишимин түзүүгө мажбур болгом. Каттоо кызматынын башчысы Т. Исаков бул келишим чет элдик жаран менен түзүлүптүр деп, каттаган эмес.

Че Ден Суктун акчасы жана президенттик администрациядагы таанышы аким О. Бектуров аркылуу (токтом № 204, 24.06.2002.) менин менчикке болгон укугумду толугу менен жокко чыгартып, 5,3 га жеримди тартып алган болсо, кийинки аким 3. Турдукеев өз токтому (№ 19, 02.02.2006.) менен 5,3 га жерди 3,86 гектарга кыскартып, раймамкаттоонун башчысы кийинки башчысы М. Өмүрканов сугалак Суктун менчигине өткөрүү үчүн каттап жашыруун мыйзам бузууга барган.

Менин үстүмөн тон бычкан жогорудагы жашыруун шумдуктар тууралуу 2007-жылы кокусунан билип калып, соттошо баштадым жана райондор аралык (2013.24.03.), облустук соттор аркылуу райакимдердин жогорудагы токуган бизнес-токтомдору мыйзамсыз деп табылып, менин менчикке болгон укугум калыбына келтирилди. Бирок, 2010-жылдын 20-майында Жогорку Сот (А. Мухамеджанов, К. Жороев, Б. Аманалиева) акчалуу Суктун кызыкчылыгында аталган соттордун чечимдерин жокко чыгарып, коррупционер-акимдердин бизнес-токтомдорун “өтө мыйзамдуу” деп тапты.

Мен буга макул болбой, Башкы прокуратурага кайрылып, ал жерде Жогорку Соггун мыйзамсыз бизнес-чечимине тийиштүү баа берилип, Президенттин Указы менен коммерсант-судья А. Мухамдежанов Жогорку Соттун судьялыгынан айдалды, анын табакташтары катуу сөгүш алышты. Эми болсо ууру карыса молдо болот дегендей, Мухамеджановуң түшкүр республикасынын соттук корпусунун дисциплинардык комиссиясына төрага болуп отуруп калганын кантесин?!

КР Башпрокуратурасынын А. Мухамеджановдун чечимине берген укуктук баасы боюнча Жогорку Сот ишти кайра карап, 2010.19.09. токтому менен менчигим өзүмө кайтарылып, акимдердин мыйзамсыз токтомдору жараксыз деп табылган.

Жогорку Сот 2010-жылы “мөөнөтү өтүп кеткендигине” байланыштуу акчалуу чет элдиктин пайдасына токтом чыгаргандыгына карабастан, Жети-Өгүз райпрокуратурасы 2013-жылы мыйзамсыз токтомдорду токушкан акимдерге, мамкаттоо жетекчисине жана нотариуска карата кылмыш ишин козгогондугу абдан туура болгон жана кылмышкерлер сот жообуна тартылышкан. Ага карабастан, Жогорку Сот “жаңы ачылган жагдайды” бетке кармап, чет элдик акчалуунун пайдасына Жогорку Соттун 2010-жылдын 7-апрелиндеги токтому күчүндө калтырылсын деген токтом (2015.09.11 жана 2017.1005.) чыгарган.

“Кайнар” пансионатын сатып алгандыгым боюнча мага берилген укукту мыйзам боюнча райаким баш болгон шылуундар жокко чыгарбастан, ал мыйзамсыз берилген болсо, КР Жер кодексинин мыйзамынын 65-ст. көрсөтүлгөндөй, сот гана жокко чыгара алышы мүмкүн эле.

Мамкаттоо жетекчиси М. Өмүрканов менин мыйзамдуу мүлкүмдү, облпрокуратуранын тергөөчүсү Т. Мусаев тарабынан (2013.09.09.) жана Жети-Өгүз райондук соту тарабынан “Кайнар” пансионатына чектөө коюлгандыгына (2013.09.09) карабастан, алгач Эдуард Ли дегенге (2013.06.09), андан кийин А. Масалитинге “мыйзамдаштырып” бере сал-ган. Эң негизгиси – бул эки жасалма кожоюндардын артында Түштүктөн акча таап келген Ош шаарынын мурдакы прокурору Атай Шакир уулу тургандыгы баарына белгилүү болгон. Себеби, иш жүзүндө пансионатка Атайдын апасы С. Эмильбаева ээлик кылып келүүдө.

Прокурор Атай апасы Эмильбаевага Жети-Өгүз токой чарбасынан жалган документтерди жасатып, “Кайнардын” ысык суусун мыйзамсыз пайдаланууга Госкомгеологиядан лицензия (3714ВЕ, 2014-ж.) алып берген. Бул эмне, прокурорбу же басмачыбы?! Бул боюнча Финполго кайрылдым, азырынча жооп жок.

Мени коркутуу үчүн уулумду катуу сабап кетишти. Көздөн жабыркап.Алматыдан дарыланып,эпсиз чыгымга учурадык. Бир жыл сүйрөп, эч кандай чара көрүлбөдү. Милициянын тергөөчүсү Ш. Асанов коррупционерлердин кызыкчылыгын көздөп өзүмө асылды. Атай менен анын апасынын адвокаты Т. Алымбеков өзүм билемдикке салып, эч бир негизсиз 2 ай бою жарыкты өчүрүп.зыян келтирсе да ага эч кандай чара көрүлгөн жок.

2018-жылы мен 2 жолу ЖК спикерине, 3 жолу Коопсуздук кеңешине арыз менен кайрылдым. Алар Башкы прокурорго, БП болсо облпрокуратурага, ал жердегилер мурдатан менин арыздарыма тоскоолдук кылган тергөөчүлөргө тапшырып, кайра эле өзүмдү тажатыштууда.

Ошондуктан, Урматтуу Президент, бул жерде Сиздин коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабыңызга караганда коммерсант-прокурор А. Шакир уулунун зомбулугу жогору тургандыктан, прокуратура органдары ага көмөктөшүп келаткандыктарын кантип түшүнүүгө болот?!

2002.23.04. түзүлгөн келишимди райсот, облсотттун коллегиясы толук жокко чыгарса, Жогорку Сот 2010.7.04. төңкөрүш күнү ишти арыдан-бери карай салып.жогорудагы чечимдерди жокко чыгарып, “мөөнөтү өткөн боюнча” келишимди күчүндө калтырып, менчигимди Сукка тартып берип койду.

2013.28.07. Жети-Өгүз райпрокуратурасынын кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү токтому боюнча келишимди каттаган нотариус М. Данияров, аким 3. Турдукеев кылмыш жообуна тартылып, сот өкүмү чыкты. Мунун өзү мыйзам мен тарапта экендигин далилдеп отурбайбы!

Менин арызыМ Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралып, менчикке болгон укугумдун одоно бузулгандыгы аныкталып, жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан Жогорку Сотко кайрылганымда, натыйжа чыкпады.

2002.24.04 келишим Сук менен түзүлсө да, акимдердин токтомдору Жогорку Сот тарабынан жокко чыгарылгандыгына карабай, раймамкаттоо башчысы М. Өмүрканов 2011.12.12. чет элдик немеге 3,86 га жерге Ч№ 346691 сандуу мыйзамсыз мамлекттик акт берген. Анын негизинде менин мыйзамдуу мүлкүмдү каттай салышкан.

Ушул жылдын августунда жогорудагы уюмдашкан кылмышкерлердин үстүнөн арызданып, Башпрокурор Жамшитовдун кабыл алуусунда болгонумда, ал: “кайгырбаңыз, мыйзам сиз тарапта экен, арызыңызды жеке көзөмөлүмө алам, мыйзамдуу чечилет” деп, бирок, кайра эле облуска —чет элдик байлардын колун караган сатылган байкуштарга жиберип койгон. Натыйжада облпрокурордун орун басары Насиповдун колу коюлган формалдуу жоопту алдым (2018.02.07).

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Менин арызымды жеке көзөмөлүңүзгө алып, коррупционерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга, менин тебеленип-тепселген укугумду калыбына келтирүүгө көмөктөшүүңүздү суранам.

Эмгек ардагери Жеңишбек Жунушовдон (Каракол ш., Пионер к., 40.,т.: (0705)92-83-15)

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: