“Айла кеткенде кылынар иш” дегендей Бишкек Октябрь ИИБиси шаардыктардын жана шаар меймандарынын коопсуздугу үчүн чөнтөкчүлөрдөн коргоону үчүн атайын китепче чыгарууга аргасыз болушту. Аталган ИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, чөнтөкчүлөр үчүн атайын эреже каралган:
- Уюлдук телефонду, капчыкты, документтерди кийимдин жана сомкенин ички чөнтөгүнө салыш керек;
- Сомкенин же чөнтөктүн сыдырмасы бекем болгонуна ынангыла;
- Баалуу буюмдарыңарды көз жаздымдан кетирбегиле;
- Коомдук транспортко түшөөрдүн алдында төлөй турган акыңызды алдын ала даярдап коюңуз;
- Коомдук транспортоо жол жүргөндө уктабаганга аракет кылыңыз.
Болгон эреже ушул. “Бали!” дегенден башка арга жок. Эң кызыгы – ушул түшүндүрмөнү чыгаруу үчүн канча каражат сарпталды экен? Аны айткан киши жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ