18-июнда Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда Жогорку Кеӊеш менен КМШ ПАА тарабынан уюштурулуп, акыркы жылдары салттуу иш-чарага айланып бараткан «Шериктештик балдары» эл аралык маданий-агартуу форуму өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Орусия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Азербайджандан келген балдар катышкан иш чарага, Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана КМШ ПАА Кеӊешинин Башкы катчысы Алексей Сергеев баш болгон КМШ өлкөлөрүнүн парламент мүчөлөрү келишти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ