Өзбекстан тиричилик техникаларын Украинага экспорттоп баштады. Бул туурасында Киевдеги өзбек элчилигине шилтеме кылуу менен жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
Элчилик кабарлагандай, Киевде өзбек-украин ишкер жолугушуу өткөндөн кийин алгач ирет Өзбекстанда өндүрүлгөн Artel үлгүсүндөгү тиричилик техникалары Украинага жөнөтүлүп баштады.
Өзбекстандын Украинадагы элчиси Алишер Абдуалиевдин айтымында, тиричилик техникалары менен электроника өлкөдөгү өндүрүштүн маанилүү багыттарына кирет.
Украина базарларында кир жуучу машиналар, газ плиталар сатылууда. Эми Artel үлгүсүндөгү сыналгы менен муздаткычтарды жеткирүү пландалууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ