Menu

Улуттук идеология паспорттон башталат

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жаңы бир реформалык кадам башталды дегиче, ал сөзсүз чоң чуу менен коштолот. Былтыр жарандарды жалпы биометрикалык каттоого алуу жараяны башталганда коомчулукта “тоталдык контролго түшүп калабыз” деген чочулоо пайда болуп, мамлекет менен элдин ортосунда ажырым пайда болуп барып басылган. Быйыл болсо жаңы бериле турган ошол биометрикалык паспорттордо жарандардын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дареги көрсөтүлбөй турганы ачыкка чыкты. Бирок бул биометрикалык каттоого алууга караганда алда канча маанилүү, олуттуу маселе эмеспи. Анткени…

Паспорт деген бул кайсы бир өлкөнүн жаранынын өздүгүн аныктай турган негизги бетине кармаган документи. Паспорту жок адам ал өлкөнүн жараны эмес, жөн эле бир селсаяктын кебетесиндеги мусапырды элестетет. Эгер паспорт болбосо, ал жаран башка турмушка керектүү документтерди да ала албайт. Демек паспорт бул ар бир жарандын туулгандан көз жумганга чейинки колдоно турган эң маанилүү, эң керектүү, эң сыйлуу документи. Андыктан ага жарандын ким экени, ата-теги, улуту, жашаган жери, туулган датасы толугу менен жазылышы бул эл аралык ченем болуп келген. Бирок техниканын өнүгүшү менен бирге жарандарды каттоо, текшерүү электрондук маалыматтык техникалар менен жөндөлгөндүгүнө таянуу менен кайсы бир өлкөлөр паспортун айрым графаларын алып салышкан. Мисалы, алыс барбайлы, коңшубуз Казакстан. Ушундан уламбы, Кыргызстандын мамлекеттик каттоо кызматы да жарандарга жаңы бериле турган биометрикалык паспортко жарандын кайсы улуттан экендиги, никесинин бары-жоктугу, жашаган дареги тууралуу маалыматтар жок болоорун айтып чыкты.

Албетте бул маалыматтык технологиянын өнүгүп, электрондук каттоого алуу, электрондук текшерүүгө дүйнө өтүп жаткан маалда заман талабына ылайыкталган болушу толук мүмкүн. Бирок бул маселенин экинчи жагы, келечекте улуттун идентификациялык өзгөчөлүгүнө доо кетүү коркунучунун бардыгында. Айрыкча бизге, кыргыздарга окшогон аз сандуу улуттар үчүн. Себеби биздин Кыргызстандын калкы болгону 6 миллионду түзгөнүз менен анын ичинен мамлекеттин негизги титулдук кыргыз улуту болгону 4 миллиондон кичине ашыгыраак. Калганын 40ка чукул майда улуттун өкүлдөрү түзүп турат. Ошол эле маалда капталыбызда 1, 5 миллиард кытай улуту босогобузду аттап келчүдөй ахыбалда турат. Дүйнөдөгү ааламдашуу процессинин кандай тездик менен алдыга жылып бара жатканына күбө болуп туруп, кыргыз бийлигинин келечек паспортко улуту тууралуу графаны алып салып жатканы бери дегенде кайдигерлик, ары кеткенде улутка душман чыгуу болуп саналат.

Эми элестетип көргүлө, эртеңден тарта өлкө жарандары жапырт паспортторун алмаштырып кирди дейли. Арасында уйгуру, дунганы, өзбеги, тажиги, корейи, кытайы, индусу, түркү, казагы, калмагы баары тең эле “кыргызстандык” деген шарт-наамага ээ болуп, улуту ким экени жашыруун бойдон, белгисиз калган болот. Анан? Бул сырттан карап турган Кыргызстанга көзү кызарган өлкөлөр үчүн талканды майга маштап колуна салгандай эле жагымдуу көрүнүш болуп чыга келет. Экономикалык жактан чабал, социалдык камкордукка муктаж болуп, өп-чап жашаган биздин жарандар менен алака-катышы күчөп турган кытайлар, Каримовдун кандуу режиминен кагжырап бүткөн өзбектер Кыргызстанга жапырт көчүп келип, коррупциялык жолдор менен Кыргызстандын жараны болуп албайт деп Тайырбек Сарпашев кепилдик бере алабы?! Албетте жок. Бул маселенин бир жагы.

Экинчи жагынан алганда, мейли сырттан массалык түрдө көчүп келип жайгашууга мүмкүнчүлүк берген жокпуз дейли. Бирок өлкө жарандарынын кимиси-ким экенин, тек-жайы кандай экенин, кыргызга күйгөндөр экенин же эркиндикти сүйгөндөр экенин көзөмөлгө алып туруу керек го?! Же илгери Курманбек Бакиевдин учурунда Бишкектин борбордук аянтына калмак баатырларынын эстелигин кыдыракей коюп жибергендей болуп, Кыргызстанды аргындашкан ар улуттун өкүлдөрү башкарып бийлик жүргүзүп калса мейлиби?!

Андыктан кыргыз бийлиги титулдук улуттун келечегин, ата-бабабыздын канына жуулуп сактап келген Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн мындай опурталдуу кадамдан ниетин кайра артка тартууга тийиш. Жөнөкөй эле мисал, мамлекет өлкөдө кайсы улуттун саны канча, кандай шартта, эмне менен алек деген нерселерди билип, көзөмөлдөп турууга тийиш. Эгер мындай болбогон шартта, паспортко улуттун маанилүү болбогонуна карап, эртең жаңы төрөлгөн ымыркайды каттоого алып, ага күбөлүк берүү учурунда да “улуту” деген графа эч кандай мааниге ээ болбой, эне-аталар “туулгандыгы тууралуу күбөлүк эмес, мына менин паспортумда да улутум жазылган эмес, демек менин баламдын кайсы улуттан экендигинин силерге эмне кереги бар?! ” деп баш тартып кое алышат. Анда Кыргызстанда кыргыз улуту ар кошкон улуттун деңгээлине түшүп, улут өзүнүн өзгөчөлүгүн жоготуп, “америкалык” деген сыяктуу ар улуттун курамасынан келип чыккан эл болуп калабы?!

Ансыз деле биздин өлкөдө кыргыздардан башка улуттардын өкүлдөрү ашкере камкордукка алынып, эч ким аларды кодулабай, алды министр, арты депутат, ортосу сот-прокурорлукка жетип, толук кандуу жаран катары бирдей укук-милдеттер менен камкордукка жетип олтурушат. Ооба, паспорт деген бул кызматтык же айдоочулук күбөлүк эмес. Ал деген бир мамлекеттин стратегиялык маанидеги иш кагазы, жарандардын өздүгүн аныктоочу негизги документ. Демек паспорттун бетинен алакандай алты сөзгө орун табылбай калышы мүмкүн эмес!!!

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: