Шавкат Мирзиёев 25-декабрда өлкөдө биринчи жолу уюштурулган Өзбекстан жаштар форумуна катышкан. Ал жерде өзбек президенти бир нече акимдер менен сүйлөшүп, алар аймакта жасалып жаткан иштер боюнча маалымат беришкен.
Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов өлкө башчысы менен сүйлөшүп жатып, жаштардын иши, аларды жумуш менен камсыздоо жана көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө айтып берген. Ал өз сөзүндө “урматтуу президент” деген сөздү өтө көп колдонгон.
Gazeta.uz басылмасынын эсеби боюнча Абдурахманов 10 мүнөт 21 секунд аралыгында бул фразаны 81 жолу, башкача айтканда ар бир 7,6 секунд сайын колдонгон.
Андан кийин Жаштар форумунда Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров сөз сүйлөп, ал 12 мүнөттө “урматтуу президент” деген сөздү 22 жолу кайталаган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ