Menu

Кара-Балтада берилбей келген айлык акылар Мамэкотехинспекция тарабынан өндүрүлдү

Бөлүшүү:

Экологиялык-техинкалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрү Кара-Балта шаарында жайгашкан “Дан” мамлекеттик ишканасында иштеген жумушчулардын жамааттык негизде жазылган арызын текшерүүгө алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Арызда, “Дан” ишканасы кызматкерлерине айлык акыларын бир нече айдан бери бербей жатканы белгиленген. Текшерүүнүн алкагында айтылгандар чын экени аныкталып, Мамэкотехинспекциянын Кара-Балта шаары, Жайыл, Москва жана Панфилов райондору боюнча башкы инспектору Нурлан Тойчубеков тарабынан жеринде ишкана ээлерине айлык акыларды берүү боюнча акт түзүлүп, бир айлык эскертүү берилген. Андан көп өтпөй “Дан” мамлекеттик ишканасы бир миллион жүз жыйырма бир миң үч жүз жыйырма бир сом 53 тыйын өлчөмүндө акча каражатын кызматкерлердин эсебине которуп, айлык акылар толук ээлерине берилди. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: