Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-прокурор К. Мамакеевге, У.Жумабековго жана М.Дононбаевге карата жазык ишин карады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун экс-прокурору Куванычбек Мамакеев “Опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн шарттадагы абакта өтөөсү белгиленди.
Ал эми Аламүдүн районунун прокурорунун экс-орун басары Улукбек Жумабековго 5 млн сом, Аламүдүн районунун прокурорунун мурдагы жардамчысы Марат Дононбаевге 4 млн сом айып төлөө белгиленди.
Эскерте кетсек, тергөө органдары тарабынан Мамакеев, Жумабеков, жана Дононбаев Аламүдүн районун прокуратурасында иштеп жатышканда мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу жарандардан 20 миң доллар пара талап кылган деп былтыр кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ