Өмүрбек Текебаевдин борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан эскилиги жеткен үйлөрдү мэриянын карамагына өткөрүп, аларды бузуп, ордуна заманбап үлгүдөгү имараттарды куруу боюнча иштеп чыккан мыйзам долбоору коомчулуктун кыжырын келтирүүдө. Жаңы мыйзам долбоору тарыхый Бишкек шаарынын борборун аныктайт.
Ал Сүйүнбаев, Ахунбаев, Жибек Жолу, Жаш Гвардия бульвары болуп эсептелет. Мына ушул аймактардагы эскилиги жеткен үйлөр эки тараптын макулдашуусу менен бузулат. Текебаевдин жаңы мыйзамына ылайык, жеке менчик үйлөрдү көз карандысыз баалоочулар баалап беришет. Ал баа базар баасындагы батирлердикиндей эле болуусу керек. Бул жагдай жеке менчик ээлерин бушайманга салууда. Анткени борбордун чок ортосундагы жер тилкеси адатта кымбат. Эми ошол жерди Текебаев мыйзамдын күчүнө салып, арзан баага ээсин аргасыз макул кылдыруу жолу менен курулуш магнаттарына тартып берүүнү көздөөдө. Бул мыйзамды өткөрүүгө жандалбастап жаткан Текебаевдин аялынын курулуш компаниясы барын эске алсак, жеке кызыкчылык жыттанып жатканын баамдоо кыйынга турбайт. Мындан улам, коомчулуктагы айрым активисттер Текебаевди мандатын тапшырсын деген демилге да көтөрүшүүдө…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ