Menu

Кош бол Сүкө! Таласың аза күтүп, томсоруп турат

Бөлүшүү:

Кыргыздын дагы бир залкар таланттуу уулу дүйнө салды. Чыңгыз агабыз ааламга кеткен ар түрдүү түстөгү аса-мусадай көпүрө болсо, Сүкөбүз ошол аса-муса көпүрөнүн бир бөлүгү эле. Эми кантебиз, адам баласынын бул жарык дүйнөгө келмеги бар, кетмеги бар – бул жашоонун мыйзам ченемдүү көрүнүшү, буга баардык адамзат баш ийет экен.  Бүгүн Кыргыз Эли дагы бир залкар уулун жоктоп, аза кийип, кайгырууда.

“Бир кезде мен алыска узаткан уулум кайра келип, абамдан кере дем алып, кучагымда эркелебейт бекен” деп, Таласың аза күтүп томсоруп турат. Кош бол Сүкө! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Үй-бүлөсүнө жана ага-туугандарына көңүл айтып, азасын Талас эли тең бөлүшөт!

 

Сүйүнбай  Эралиевге

Бул дүйнө жалган кем деген,

Жалганын эч ким сезбеген.

Бул жарык дүйнө өмүрдө,

Кадырга эч ким жетпеген.

Элине кылса эмгекти,

Артында Эли эстеген.

 

Сакадай бою саралтын,

Тулпарын минип таланттын.

Кылымга тете жашаган,

Талыкпай күүлөп канатын.

Жылдыздай өчтү жарк этип,

Көйкашка уулу Таластын.

 

Бул өмүр аткан ок дешкен,

Батышта ажал от кечкен.

Фронттон жазган ырларын,

Окуган адам солк эткен.

Мекен деп соккон жүрөктү,

Тартынбай күйгөн чок дешкен.

 

Биринчи баштап ак ырды,

Башка түс, боёк жамынды.

Зергердей сөздү узанган,

Сүкөбүз оозго алынды.

Өзүңдү туурап канчалар,

Бир далай ак ыр жазылды.

 

Бүт иштин болот аягы,

Колунан түшпөй каламы.

Бир кылым күйгөн жалындап,

Кыргыздын өчтү жанары.

Артында өчпөс из калды,

Эстейли эми Аганы.

 

Азада турат балдары,

Азада турат алганы.

Азада турат Ала-Тоо,

Кайрылбай кетти ардагы.

Таласың коёт ыр десте,

Ыраазы болсун арбагы!

Талас элинин  атынан “Акыйкат” кыймылынын  төрагасы Умар  Анарбаев,

Талас  облусу, 19-июль, 2016-жыл.                                                          

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: