Menu

БӨТкө тиш кайраган “манты кулактар”

Бөлүшүү:

Адатта, президенттик шайлоого чыкчу талапкерлердин ар бир баскан кадамы, саясый талаадагы жүрүштөрү коомчулуктун сынында болот эмеспи. Ажолук амбициясы бар, мындай катмарда парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да бар экенин танууга болбойт. Албетте, БӨТ «президенттикке талапкерлигимди коём» деп так кесе билдирүү менен чыга элек. Асыресе, ал «эгерде партиялаштарым менен шайлоочуларым президенттикке чыгуумду суранып, мага ишеним көрсөтсө чыгам» деген таризде гана азырынча жыландын башын кылтыйтууда. Кыскасы, ыңгайын күтүүдө. Эгерде Конституция өзгөрсө, президенттин ыйгарым укуктары «кыркылса», анда каарманыбыз кырдаалга жараша кадам таштайт…

8-июль күнү Бишкектеги «Индейка» аттуу мончодон пар­ламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынан депутат Фархат Иминов туулган күнүн белгилеп, өздүк майрамга партлидер Өмүрбек Бабанов баш, Руслан Казакбаев, Бактыбек Сыдыков төш болгон ондогон депутаттар катышканын эшиттик. Туулган күндүн урматына ортого коюлган чөйчөктөр улам бошоп, бул арада кызымтал болгон эргулдар саясатты жыйыштырып, музыканын коштоосунда отурушту улантууну чечишкендей. Ичке кирген ашыкча ичимдиктин күүсүнө элире баштаган Өмүрбек Ба­банов жанына коштой келген Ринат аттуу айдоочусуна му­зыка койдуруусун буйрук берсе, шефинин кызып, алакөөдөн жүрүшкө алдыра баштаганын байкаган Ринат музыка койдуруудан баш тартса, ызаланып, шагы сынган Бабанов өзүн 8 жыл ташыган айдоочусу Ринатты сөгүп, көпчүлүктүн көзүнчө кол салганга чейин барып, мончодон кууп чыкканы ырас беле? Буга да алымсынбай, акчага дөөгүрсүгөн Омукең кыйын кырдаалдарда арка-бел болгон айдоочусун жумуштан айдап тынганы айтылууда. Эми эл көзүндөгү адамдын көпчүлүктү көзгө илбей, жанындагы ишенимдүү чоросун баласындай сөгүп, жумуштан кетиргени көпчүлүктү мындай кой, жанындагылардын да шаабайын суутат да, туурабы? Айланасындагылардын баардыгы бири-бирине күбүрөшүп, «шефибиздин деңгээли ушул болсо…» деп шыпшынышканычы? Өткөн жылы дал ушул Ринаттын жубайы «Улан» кичи-районундагы 7-этаждан кулап түшүп, жарыкчылык менен кош айтышып кете берген. Жубайы экөөнүн артында калган 3 баласын Ринат өзү багып келген. Ошентип, бир үй-бүлөнү, жубайынан калган 3 баланы жалгыз багып келген Ринат акчага көпкөн эргулдун айынан ишсиз калып отурса, убалы кимге?

Ушул жылдын 18-май кү­нү депутат Руслан Казакбаевдин туулган күнүндө Өмүрбек Бабанов кызымтал абалында таластык агасы, генерал Зарылбек Рысалиевди да сөккөнү күбүр-шыбыр кеп болуп айтылганын уктуңар беле? Көп өтпөй иш «дым-дым» болуп басылган болчу.

Эсиңерде болсо, өткөн жылы биздин гезит Өмүрбек Бабановдун дагы бир «шоусун» коомчулук алдына жарыялап чыккан. Анда да БӨТ өзүнүн Нурбек аттуу жансакчысын сөгүп, жу­муштан кууп жибергени кызуу кеп болгон. Бабановдон кутула тажаган Нурбекке дароо иш табылып, учурда бука моюн, буура сан ал жигит Бишкек­теги орус бизнесменин кайтараары, БӨТтөн алган айлыгына караганда көпөс орустан 3 эсе көп маяна алып, жыргап кал­ганы ушул кезге дейре жансакчылардын арасында кызуу кеп болуп келет.

Баса, Бабановдун жогорудагы жансакчысы Нурбек да, айдоочусу Ринат да мурда спецназда кызмат өтөшкөн профессионал адистер экендиги, жансакчылар менен спортсмендердин арасында кадыр-барктары жогору жигиттерден болушкандыгы, экөө тең та­ластык Өмүкенин инилери болоору маалым болду. Таластык эки инисин, аларга кошуп гене­рал агасын сөккөнгө чейин барган Өмүрбек Бабанов жердешчил эмеспи? Таластыктардын табиятынан ашкере жердешчил экендиктерин буга дейре Кеңешбек Дүйшебаев башта­ган генералдар да бекемдеп келишсе, андай ырк эми бузулуп атабы? Же Өмүрбек Бабанов Кушчу да, Саруу да эмес, Күркүрөө уруусунанбы?..

Бүйүр кызыткан мындай маалыматтар жерде жатпайт эмес­пи. Бабановдун жогорудагыдай жоруктары жердешчил спортс­мен, «манты кулактарга» жеткен экен, ансыз да «энеңди…» деп оозанган ээн ооздор бет келген жерден БӨТтүн жазылбаган «Таластык ыркты» бузуп жаткан жоругуна ачууланышып, катуу чара колдонушаарын бир айтып бир койбой, эки айтып, эки койбой жаткандыгы узун сабак кеп болуп тароодо. БӨТ жердештерине ка­рата кылган мындай «камкордугу» президенттик шайлоодо терс таасир гана жаратаары бышык. Чыныгы жигитке тагдыр чеччү кыл чайнашта артындагы жакындары гана жабыла колдоо көрсөтүп, чечүүчү ролду ойноп келгендиги тарыхта далай ирет тастыкталганы бар.

Булак: “Азия news

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: