Menu

Косоводо парламент жыйыны көздөн жаш агызуучу газ менен токтотулду

Бөлүшүү:

Косоводо оппозиция парламенттеги жыйындар залын көздөн жаш агызуучу газ менен чаңдатып жиберди. Алар мындай жол менен Черногорияга чектеш чек араны демаркациялоо жөнүндөгү келишимди кабыл алууга тоскоол болушту. Маалымдалгандай, бул учурда бир нече киши парламент имаратына таш ыргытты.

Премьер-министр Иса Мустафа кабарлагандай, мындан тышкары белгисиз адамдар чек ара маселеси боюнча комиссиянын башчысынын үйүнө жардыргыч зат орнотуп кетишкен.

Буга чейин Косово оппозициясы парламент жыйынында Черногория-Косово чек арасы тууралуу теманы үзгүлтүккө учураткан. Чек ара боюнча келишим өлкө атуулдарына Евробиримдикке визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындай макулдашууга каршылардын пикиринде, чек араны демаркациялагандан кийин Косово сегиз миң гектардан ашуун жеринен айрылат.

Сербиянын мурдагы автономдуу крайы – Косово көз карандысыздыгын 2008-жылы жарыялаган. Республиканы Шенген келишиминдеги үч өлкө – Испания, Греция жана Словакия тааныган эмес. Бул мамлекеттерге Косово жарандары шенген эмес, өзүнчө виза менен барышат.

Булак: “Борбр Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: