Menu

Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов жаңы тандем түзүшүп, бири президенттикти, бири премьер-министрликти мелжөөдө

Бөлүшүү:

Келерки жылдагы президенттик шайлоо жакындаган сайын “күлүктөн күлүк чыкса күлүктүн төрт аягы тыбырчылайт” дегендей президенттик амбициясы бар саясатчылардын да төрт аягы тыбырчылай баштады. Анын үстүнө Атамбаев бийликтен жөн эле кетип калбасын, референдум өткөрүп, конституцияны өзгөртүп, өз ордуна мураскерлерди калтырып, алтургай аларды чүлүктөп жетелеп, Кыргызстандын Журт атасы катары мындан ары да башкара берем деген ниетин кыйыткандан бери саясый чөйрө катуу козголо түштү. Атамбаевдин алгачкы планы боюнча Сооронбай Жээнбеков укуктары чектелген президент, ал эми Албек Ибраимов укуктары кеңейтилген премьер-министр болору угулары менен Иса Өмүркулов сыяктуу эрендер айрым өзүнүн таасири бар гезиттер аркылуу “Эл толкуп кетсе Алмазбек Атамбаевди бир эле Иса Өмүркулов коргойт, калгандары качып кетет” сыяктуу примитивдүү кулак-кагыштарды жасап жанталашууда.

Ал эми эски карышкыр Өмүрбек Текебаев да өзүнүн акыркы шансын пайдаланып калууга бет алгандай. Биздин Ак үйдөгү маалымат булактарыбыз билдиргендей атамекенчи Болот Шердин ортомчулугу аркылуу Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабанов биригип, жаңы түндүк-түштүк тандемин түзүшүп, 2017-жылдагы шайлоого Текебаев президенттикке барып, Бабанов аны түп көтөрө колдоп, ал өтсө премьер-министр болуп Бабанов шайланары макулдашылыптыр. Ал эми 6 жылдан кийинки, 2023-жылдагы президенттик шайлоодо Текебаев Бабановду мураскер кылып калтырып кетери да бышыкталган. Бул эки Өмүрбектин ортосунда ортомчу болуп Болот Шерниязов жүргөнүн белгилүү саясый технолог Валентин Богатырев да тар чөйрөдө сөз кылганын кулагыбыз чалды. Болот Шер Валентин Богатыревден акыл сурап тез-тез жолугуп турарын саясый коомчулук жакшы билет.

Угушубузга караганда эки Өмүрбек жолугушуп, акыл калчашып, Атамбаев азыр Бабановду президенттикке жолотпорун, өзүнүн мураскерин алып чыгарын, ошондуктан азыр Бабановго караганда Текебаевде шанс көп экенин, болгону анын акча каражаты азыраактыгын, андыктан Бабанов каражат ресурстары жана Россиядагы таасирдүү байланыштары менен Текебаевди сүрөрү макулдашылыптыр. Баса, каржылык ресурстар жагынан Жерүй алтын кенин ээлеп алышкан чечен бизнесмендери да  жардам берери айтылыптыр.

Өмүрбек Текебаев өзүнүн акыркы пресс-конференциясында “Мен азыр Бабанов менен тез-тез жолугуп, чай ичишип турам” дегенде көпчүлүк таң калышкан. Анткени Текебаев буга чейин “Бабанов ууру, коррупционер!” деп эле кыйкырып жүрчү эмес беле? “Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей президенттиктин жыты чыкканда принцип деген немени кагазга ороп койсо болот турбайбы. Балким Текебаев бийлик баары бир алардын тез-тез жолугуп жатышканын аңдып билип жатканын сезип, Атамбаев досун жооткотуш үчүн Бабанов жөнүндө кыстара кеткендир.

Эгерде эки Өмүрбектин планы ишке ашса анда кыргызга олуядай болуп калган Салижан Жигитов агабыздын “Өмүрбек Текебаев президенттикке “түбөлүк кандидат” бойдон өтөт” деген ылакапка айланган сөзүн жокко чыгарышабы?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 46 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: