Menu

Бакыт Адылов, КРнын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Төрагасы: “Улуттун уңгусу болгон миграциядан сактап калууга жалпы журт аракет кылсак…”

Бөлүшүү:

 

— Бакыт мырза, Москва шаарындагы өрткө байланыштуу эң көп суроо-талаптар сиздердин агенттикке келип жатса керек?

— Эми, өзүңүздөр билесиздер, 27-август күнү таңга жуук ушундай суук кабар келди. Кыргыздын жаш кыздары басмаканадагы өрттөн бул дүйнөдөн кош айтышты дегенде өтө жаман болдук. Буга чейин дагы ушундай кырсыктар катталып кеткен. Жаш кыздарыбызды коргой алсак жакшы болот эле. Бешиктен бели чыкпаган кыздарын, карындашын жибергендиги үчүн мырзалар уялышы зарыл.

— Мамлекет тарабынан мигранттарга кандай жеңилдиктерди кароону улантып жатасыздар?

— Бүгүнкү күндө кыргыз мигранттарынын укугу канчалык корголуп жатат деген суроолор көтөрүлүп жатат. Бул күтүүсүз окуя чынын айтканда баарыбызды капа кылды. Мигранттардын укугу боюнча Бажы биримдикке киргенден бери бир топ жеңилдиктер каралган болчу. Бажы биримдигине кирээрде Россияга кире албай жаткан мигранттардын дээрлик 200000ди чапчып калган эле. Орус тилинен тапшыруу иштери каралып калган. Тейлөө кызматы тарабынан да абал өтө начар эле. Учурда 573000 жараныбыз Россияда эмгектенип жатат. Андан сырткары 500 миңдеген жараныбыз Россиянын жарандыгын алышкан. Бажы биримдигине киргенден кийин орус тили, тарыхы боюнча сынак алуу, атайын каттоо сыяктуу маселелер чечилген. Дипломдорубуз дагы таанылып калды. Пенсиялык фонд боюнча дагы иш алып барып жатабыз. Кыргыз мигранттары кайсыл жерде иштебесин эмгек стажысы жалпы эсептелсин деген сунуш берип жатабыз. Мындай жеңилдиктерге карабай аткарылбай жаткан маселелер бар. Келишимдин шарттарын убагы менен аткарып жатабыз. Өлкөдө мигранттардын санын кыскартуу боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Ар бир райондо атайын калкты иш менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатканын көрүп жатасыздар. Экономика министрлиги дагы Россия фонду менен биргеликте иш алып барууда. Заводдорду ачып аракет кылып жаткандыгы мигранттардын агымын токтотуу болуп эсептелинет.

— Мигранттардын укугу толук кандуу корголуп жатат деп айта аласызбы?

— Тилекке каршы укук бузуулар биздин жарандар тарабынан дагы катталып жатат. Негизги биздин жарандар Россиянын мыйзамдарын сыйлап каттоого туруу жагынан, иштеген жеринен келишимди талап кыла албагандыгы туура эмес болуп жатат. Кышында болгон кырсыктан кийин укугубузду коргойлу десек жарандарыбыз келишимдин негизинде иштебей, келтирилген зыянды төлөтүп ала алган эмеспиз. Тактоо маселелер дагы кыйынга турган болчу. Келишим түзүү жагынан массалык түрдө мыйзам бузулууда. Бажы биримдигинин талаптарына ылайык жарандар Россияда атайын медициналык жактан камсыздандырылган болуусу абзел. Биздин жарандар муну жасабагандыктан балдарын мектепке же бакчага алып барганда кыйналышууда. Мыйзамга ылайык биздин жарандар барганда айласыздан батирге киришүүдө. Бирок эки адамга каттоого тургузуп коюшууда. Текшерүүгө келгенде мыйзамсыз жашап жатат деп кара тизмеге кирип калышат.

— Сиз айтып кеткен кара тизмени чечүүнүн жолдору барбы?

— Кара тизме маселеси боюнча атайын июнь айында Россияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенбиз. Россиянын федералдык кызматы жоюлуп кеткендиктен 2016-жылдагы бул маселелер чечилбей турат. Бүгүн маселе Россиянын ИИМине өткөрүлүп берилген. Россиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга келгенде биздин өкмөт башчы бул маселени көтөргөндө “сөзсүз бул кара тизмени карап чыгабыз”-деген убадасын берди. Азыр деле аз-аздан кара тизмеден чыгарып жатабыз. Болгону былтыр өтө көп адамды кара тизмеден чыгаргандыктан таасирлүү көрүнгөн болчу. Азыркы учурда 6 700 адамды кара тизмеден чыгарсак, кайра 6 500 адам кара тизмеге кирип калды. Бул 2016-жылдын 8 айынын жыйынтыгы болуп эсептелинет. Буйруса жылдын аягына чейин дагы кара тизмедегилерди дагы чыгартабыз. Кара тизмеден чыгаруудан мурун, кара тизмеге кирбөөнүн амалын издесек жакшы болот эле. Атайын мамлекеттик теле каналдар аркылуу жумалап мигранттарга көрсөтүп, атайын баракчаларды Ош, Манас аба майдандарына таратып бердик. Тилекке каршы көңүл бургандар абдан аз болду. Натыйжада кара тизмеге кирүүгө мажбур болуп жатышат. Жөнөкөй эле нерсе, Россиянын чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатканда жумушка бара жаткан жарандарыбыз атайын баракчаны окууга же мейманга келе жатам деп жалган маалымат бергендиги үчүн да кара тизмеге кирип калышууда. Ар бир жаран өз укугун жакшы билбесе, мамлекеттин кылган жардамы дээрлик жардам бербей жатат.

— Дүйнөдө биздин мамлекеттей болуп миллион адамын сыртка чыгарган мамлекеттерден кимдерди атай аласыз?

— Дүйнөдө 200 000 млн жакын мигранттар бар. Өнүккөн мамлекеттерде мигранттар чыгып жатат. Бүгүнкү күндө Молдовия деген кичинекей мамлекет санынын аздыгы бизден дагы аз, бирок миллионго жакын адамдары мигрант болуп жүрүшөт. Филипин мамлекетин дагы айтсак болот. Албетте, улуттун уңгусу болгон миграциядан сактап калууга жалпы журт аракет кылсак. Ал үчүн шайлоолордо кагаздарда саясый упай топтоого аракет кылбастан, учурдагыдай кырсыктар башыбызга түшкөндө көңүл айтып калбай, завод-фабрикаларды Кыргызстанга куруп, эки адам болсо да чет мамлекетке чыгарбаганга аракет кылсак өтө жакшы болмок. Биздин көпчүлүк жарандарыбыз чет өлкөгө иш орун түзбөй мамлекетибиздин ичинде түзсө биздин жарандарды аз болсо да миграциялык агымдан сактап калууга мүмкүнчүлүк болмок.

— Өкмөт башчынын кабыл алуусунда болуптурсуз?

— Өкмөт башчысы менен биргеликте миграциялык өкүлчүлүктүн башчысын дайындап, тышкы мигранттарды каттоо, алардын укуктары, милдеттери боюнча талкуу жүрдү. Кудай буйруса ушул айда миграция боюнча жыйын болот. Мунун баарын талкууга алып чыгабыз. Азыркы учурда биз алып чыга турган маселелердин күн тартиби каралып жатат. Тышкы миграциянын абалын, каттоо көйгөйлөрүн, этникалык кыргыздардын абалын көтөрөбүз.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: