Menu

Видео – Канат Исаев: “Алмаз Атамбаев элдин артына жашынып жатат”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу жана анын Кой-Таш айылындагы үйүндө түзүлгөн «элдик штаб» боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берди.

– Эгерде Атамбаев чын эле күнөөсүз болсо партиянын төрагалыгынан кетмек эмес. «Мен коркпойм, мени кол тийбестигимден ажырата бергиле, актыгымды далилдеп берем» демек. Ал коркуп, дароо эле партиянын төрагалыгын өткөрүп берип, кол тийбестик макамга ээ болуп турайын деген аракет болду. Эми болсо мыйзамсыз кадамдарга барып, элди топтоп, элдин артына жашынып жатат, – деди Исаев.

Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 25-майда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан.

«КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке президент Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койгон. Аталган мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекет жетекчилерине саясий иштер менен алектенүүгө, саясий партияларды жетектөөгө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: