8-сентябрда парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулашты. Негедир Бакыт Төрөбаевге Өмүрбек Текебаевдин сөзү катуу таасир калтырган окшойт. Ал башта оюнан кайтып, Конституциянын айрым беренелерин өзгөртпөстөн калтыруу керектиги боюнча чечим кабыл алдырды. Анткени, каникулдан келгенден кийин Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, «Бакыт Төрөбаев легендарлуу парламенттин депутаты болгон атасы Эргеш Төрөбаевдин атын булгабайт деп тшенем, атасын уятка калтырбайт» – деп билдирген эле. Мындан улам Төрөбаев катуу ойлонсо керек кайран жигит. Текебаев ага моралдык жактан басым жасап койду, эмнеси болсо да. Биздин угушубузга караганда, жеке өзүнө жолугуп, «көзүңдү ач жигит» деген экен.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ