Menu

Казакстанда «Республика» оппозициялык сайты жабылды

Бөлүшүү:

“Республика” оппозициялык сайтынын жабылганын интернет-порталдын түптөөчүлөрүнүн бири, журналист Ирина Петрушова билдирди.

Ал фейсбуктагы баракчасына жазгандай, сайт аргасыздан ишин токтоткон. Тиешелүү арызды жетекчилик “Роскомнадзорго” жөнөттү.

Петрушованын жазганына караганда, мындай чечимди басылманын жалпы жамааты кабыл алган. Ишти токтотууга техникалык жана каржылык көйгөйлөрдөн тышкары башка саясий маселелер дагы себепчи болгон.

«Республика» басылмасы 2000-жылы жарыкка чыккан. Ошондон бери редакция жана журналисттер куугунтуктоолорго кабылып келишкен. 2012-жылы сот бир катар оппозициялык массмедиаларды, алардын ичинде гезиттерди жана маалымат-аналитикалык “Республика” басылмасын чыгарууга тыюу салган. Казакстанда “Республика” сайты дагы ачылбайт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: