Учурда парламентте ынтымак жакшы болбой турат. Өзгөчө көпчүлүк коалициянын ичинде абал жакшы эмес. Бири батышты, бири чыгышты караган, бери карап күлүп, ары карап ызырынган жагдай түзүлүп калганы жашыруун болбой калды. Демек коалиция жакынкы аралыкта бузулушу мүмкүн. Коалиция бузулса “Ата Мекен”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол” фракциялары оппозицияда калып, КСДП, “Кыргызстан”, “Республика Ата-Журт” фракциялары коалиция курашаары айтылууда. Өмүрбек Бабанов дал ушул сценарийди күтүп, коалициянын тарап кетишин тилеп отурат. Текебаев жакшы эле Бабановду КСДПсыз коалиция түзүүгө үндөп көрдү эле, натыйжа чыкпады. Учурунда жеринди болгон «Республика – Ата-Журттун» ушул тапта зоболосу көтөрүлүп турган чагы. Андыктан баары Бабановду айланчыктай башташты..
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ