Баткен облусунда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-март күнү билдирди.
Алардын айтымында, Баткен облусундагы өткөн профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө мурда эки жолу соттолгон 32 жаштагы С.Н. аттуу жаран кармалган. Ал 5 жылкыны уурдоого шектелип, издөөдө жүргөн.
Аталган факт Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Кылмышка шектүүнү кармоо учурунда андан белгисиз маркадагы автомат, тапанча, бычак жана кара масканы алышкан. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ