Menu

Биринчи инстанциядагы соттун өкүмү күчүндө калды

Бөлүшүү:

Т. Тыныстанбек 1977-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт.

Кочкор райондук сотунун 2016-жылдын 20-майындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) жана 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 59-беренесинин  негизинде белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биротоло 15 (он беш) жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү  каралган.

К. Жакшылык 1993-жылы  Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган, билими орто, бойдок, мурда соттолгон эмес, Миң-Куш айылындагы балдар уландар спорт мектебинин мугалими.       

Кыргыз Республикасынын КЖКнин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 5 (беш) жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү каралган.

Т. Тыныстанбек 2015-жылдын 1-январь күнү кызганычтан өзүнүн жубайы 1982-жылы туулган О.Б.ны, Миң-Куш айылынын тургуну 1990-жылы туулган К.Н. менен өбүшүп жаткандыгын көрүп, бычак менен жубайынын ич тарабына бир жолу сайып, андан соң ошол эле жерден К.Н.ны боор тушуна бычак менен сайып жиберген. Натыйжада  К.Н. Жумгал райондук аймактык ооруканасына жетпей жолдон, алган  жаракатынын кесепетинен каза болгон. Ал эми жубайы ооруканада дарыланып жатып, алган жаракатынан улам каза болуп калган.       

К. Жакшылык 2015-жылдын 1-январь күнү 1977-жылы туулган Т. Тыныстанбек  жашаган үйгө мас  абалында барып, үйдүн ичинде О.Б. менен К.Н. жерде кан болуп ичтерин басып жатышкандыктарын көрүп, Т. Тыныстанбектен “эмне кылып салдын?” деп сураганда “сени дагы сайып өлтүрөм”, – деп жулунганда, экөө кармаша кетип, бычагы колунан жерге түшүп кеткен. “Сени атып салам”, – дегенде, К. Жакшылык  жерге түшкөн бычакты алып, Т. Тыныстанбекти бир нече жолу сайып, өлтүрүүгө  далалат кылган.

Жабырлануучу райондук аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып,  соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, денесине оор залал келтирилген. Натыйжада К. Жакшылык тергөө органы тарабынан айыпталып, кылмыш  иш сотко өткөрүлгөн.          

Кылмыш иши боюнча биринчи инстанциядагы сот жогорудагыдай өкүм кабыл алган.

Өкүмгө карата соттолуучу Т. Тыныстанбектин жактоочусу апелляциялык тартипте даттануу келтирип, анда Кочкор райондук сотунун өкүмүнүн айыптоо бөлүгүн жокко чыгарып, актоону, К. Жакшылыкты Кыргыз Республикасынын КЖКнин 28-97-беренелери менен айыптап, 9 (тогуз) жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жазык Процесстик Кодексинин 347-жана 348-бергнелерин жетекчиликке алып, Нарын облустук сотунун  апелляциялык коллегиясы Кочкор райондук сотунун 2016-жылдын 20-майындагы Т. Тыныстанбек жана К. Жакшылык жөнүндөгү өкүмүн өзгөртүүсүз, соттолуучу Т.Тыныстанбектин жактоочусунун апелляциялык даттануусун канааттандыруусуз  калтырды.

Өкүмгө  нааразы тарап көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанууга укуктуу. Бул маалымат тууралуу Нарын облустук сотунун басма-сөз кызматы билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: