Menu

Катталбаган жана тыюу салынбаган “Таблиги жамаатка” ким дем берүүдө?

Бөлүшүү:

 

Учурда Кыргызстан, диний өңүттөн алып караганда, Борбор Азиядагы туруктуу өлкөлөрдүн катарында деп айтуу кыйын. Бул багытта туруктуулуктун бекемделишине жана диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүдө, биздин пикирибизде, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) да жана анын лидери да жоопкерчиликтүү болушу зарыл.

Кыргыз Республикасы диний экстремизмге каршы күрөштө постсоветтик мейкиндикте көзгө түшкөн челдей өзгөчөлөнүп турат. Бунун себеби — Борбордук Азия республикаларынын ичинен тек гана Кыргызстанда “Таблиги жамаат” кыймылынын ишмердигине тыюу салынбай келгендигине байланыштуу.

Аталган кыймылдын чордону болгон Пакистанда, Индияда жана Бангладеште канча кыргыз жаранынын билим алганын эч ким так кесе айта албайт. Изилдөө жүргүзүлгөн учурларда Индиядагы жана Бангладештеги кыргыз элчилиги мындай маалыматтарга ээ эмес экендигин моюндаган. Ошондой эле бул суроого Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы да жооп бере алган эмес. Эгер, жаш өспүрүмдөрдү Бангладештеги даават борборлоруна окууга мечиттердин өкүлдөрү жөнөтүп жатканын эске алсак, бул — өтө таң каларлык нерсе.

Дегинкиси, КМДБ бир түрдүү, кызык көз карашты карманууда. Биринчиден, КМДБ диний окууга кетип жаткан жарандарды көзөмөлдөбөйт, бирок ал жактарда жүздөгөн кыргызстандыктардын билим алып жатканын танбайт. Экинчиден, Кыргызстандагы “Таблиги жамааттын” ишмердигин кош колдоп колдойт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитети бир мертебе КМДБнын Бангладеште окутуу программасына колдоо көрсөтүү максатында “Таблиги жамаат” кыймылы менен мамиле жасаганын айыптаган, жана Нарын облусунда балдарды уурдоого жана аларды андан ары Бангладешке ашырып жиберүүгө КМДБнын таблигчыларынын катыштыгы болушу мүмкүн деп ишара кылган.

Мындай иштер Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана анын жетекчиси тарабынан көрмөксөн болуу же түздөн-түз колдоо аркылуу ишке ашышы ыктымал. Анын үстүнө, Бангладеш менен Пакистанда окууга жаңы шакирттерди тартуу менен мурдараакта башкармалыктын жетекчиси Максатбек Токтомушевдин соратниги жана пикирлеши Абдумалик Афзалов алпурушкан.

Сөз ыңгайы келип турганда, Токтомушевдин “Таблиги жамааттын” чөйрөсүнөн чыкканын айта кеткенибиз абзел. Ал 7 жыл Пакистанда жашап, ал жакта шариат жаатында жогору диний билим алган. Кыязы, ошол кезде Токтомушев «тынчтык кыймылы» деп аталган ушул диний уюмга катышкан го, анткени бүгүн ал Кыргызстанда “Таблиги жамааттын” эң демилгелүү жактоочусу болуп отурат. Балким, мында «руханий биримдик» эмес каржы кызыкчылыгы бардыр.

Ал эми таблигдардын Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынан бекем орун алганын Токтомушевдин бул жетекчи кызматка келгени айгинелеп турат. Токтомушевдин КМБДнын лидерлигине шайлануусун башкармалыктын көпчүлүк мүчөлөрү колдогон (пара алуу аркылуу деген имиштер да бар). Мындан тышкары, башкармалыктын мурдагы жетекчисин зиналык жаңжалдан улам ордун бошоткон соң, ал бул кызматка жападан жалгыз талапкер болгон.

Ошол учурда интернетке видеотасманын чыгып таралышына Токтомушевдин түздөн-түз тиешеси бар деген кеп кеңири талкууга алынган болчу. Анын бир нече себеби бар. Биринчиден, өлкөнүн башкы таблигчысына өзүнүн ыйгарым укугун кеңейтүү үчүн расмий аянтча керек болду. Экинчиден, ажыга баруу уруксаттамаларын бөлүштүрүүдөн КМДБ казынасына жана мамлекетке түшө турган чоң каржыларга, ошондой эле «диний боордошторго гуманитардык жардам» иретинде чет өлкөлөрдөн түшө турган чоң каражаттарга жетишүүгө жол ачуу керек эле.

Ишмердигинин алгачкы айларында Токтомушев өзүнүн “Таблиги жамаат” менен байланышын расмий түрдө жокко чыгарган. Кийинки жылдары Кыргызстандагы таблигчылардын кызыкчылыгын ачыктан ачык коргой баштады.

2015-жылдын күзүндө серепчилер Кыргызстанда бул уюмдун ишмердигине тыюу салуу зарылдыгын дагы да көтөрүп чыгышкан. Анда кыймылдын өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратарына басым жасалган. Коопсуздук боюнча серепчилердин бири Артур Медетбеков дааватка чыгып жүргөн адамдардын арасында салттуу эмес исламды жана экстремисттик идеяларды жактоочулар пайда болуп жатканын айтып чыкты: «Пакистан менен Афганистанда “Таблиги жамааттан” чыккан “Аль-Моджахед” сыяктуу террордук уюмдар арбын. Мындан тышкары, “Таблиги жамааттын” мүчөсү болгон кыргызстандыктар ИДУ менен ИГИЛдин катарына кирип жатат». Буга карата Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы биздин жаш өспүрүмдөрдүн Бангладеште билим алуу фактысы боюнча тынчсызданууга негиз жок экендигин билдирген.

Ошентип, Кыргызстан акырындык менен чөлкөмдөгү исламчылардын аралына айланып бара жаткандай. Бул процесс мамлекеттик органдардын кайдыгерлигинин жана өлкөнүн баш муфтийинин таблигчылардын кызыкчылыгын чечкиндүү түрдө колдоосунун аркасында жүрүп жатат. Бул ишмердик чет өлкөлүк каржылоонун жардамы менен ишке ашып жаткандай. Чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн ичинде радикалдык багыттагылар жок деп ким кепил боло алат? Айрым маалыматтарга караганда, медреселердин 90% пайызын чет өлкөлүктөр каржылайт, чамалап айтканда, медреселердин 80%ы таблигдардын программасы боюнча окутат. Финансылык жана башка да колдоолорду Сауд Аравиясында жайгашкан Бүткүл дүйнөлүк мусулмандар лигасы (Рабита-э-Ислами), Пакистан менен Бангладештеги ӨЭУлар көрсөтүүдө. Каражаттар башка да булактардан келишет, айтмакчы, ал булактар ИГИЛдин түзүмдөрүн да каржылаган деген кеп бар. Дин жаатындагы Кыргызстанга бөлүнгөн каражаттарды бөлүштүрүүдө таблигчылардын саясатын колдоп отурган Кыргызстандын башкы муфтийи Максатбек Токтомушевдун катышы бар экендиги айтпаса да түшүнүктү.

Жаркынбек ТАШТЕМИРОВ

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: