Menu

Түркияда аскер автобусунда жардыруу болду

Бөлүшүү:

Түркиянын түштүк-чыгыш бөлүгүндө аскер автобусу жарылып, анын кесепетинен 10 коопсуздук кызматкери өлдү. Дагы сегиз адам жаракат алды.

Жардыруу Дерык жана Кызылтепе шаарларынын ортосундагы трассада болду. Бул чөлкөмдө көбүнчө күрддөр жашайт. Азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок бийлик тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясын күнөөлөп жатат. Анын мүчөлөрү мурда ушул сыяктуу чабуулду жасаганын моюнга алган болчу.

Өткөн жылы тынчтык жараяны ишке ашпай калгандан кийин күрд согушкерлери менен түрк аскерлеринин ортосунда уруш кайрадан жанданган. Андан бери 600дөн ашуун коопсуздук кызматкери жана миңдеген күрд курман болду. Түркиядагы 15 миллиондой күрд өз алдынча болууга умтулуп келет. Мунун айынан 1984-жылдан бери өлкөдө жанжал тыйылбай келет. Араздашуунун айынан жалпысынан 40 миңден ашуун адам өлдү.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: