“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Бакыт Төрөбаев өкмөттү катуу сынга алды. Фракция лидери мектептерге бөлүнгөн каражатты жол курууга жумшап жиберген жоопкерчиликсиз мамиле туурасында: “Мектепке деп бөлүнгөн акчаны инфраструктурага жумшап жиберүү жоопкерчиликсиз кадам болгон деп эсептейм. Бүгүнкү күндө мектептерде 2000 мугалим, 11 миллион китеп жетишпей жатат, билимдин сапаты жок. Ушундай маалда акчаны жол курууга жумшоо зарыл беле”, – деп өкмөттүн иштин көзүн билбей чалмакей чалган жосунсуз жоругунун бетин сыйрыды. Ырасында Бакыт мырза кашкайган чындыкты айтты.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ